Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 7-марттан 10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле айрым унаа жолдордо, ашууларда кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Алсак,
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу),
- Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу),
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакакырымында,
- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымында,
- Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 160-179-чакырымында (Талдык ашуусу),
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-145-чакырымында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери),
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымында (Чон-Ашуу ашуусу),
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.