Кыргызстандын самбо боюнча курамасы дүйнө чемпионатында 2 күмүш медаль жеңди

Спорт Загрузка... 04 Август 2025 09:30
527759982_771148581925028_8449111836101991088_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү кум үстүндөгү самбо боюнча дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 2-3-август күндөрү Сингапурда болуп өттү.

88 кг чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу жана +88 кг чейинки салмак категориясында Бекболот Токтогонов күмүш медалга ээ болду.

Улуттук курам самбо федерациясынын президенти Азим Ибраевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпионатына катышты.