Кыргызстандын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү программасы бекитилди

Министрлер кабинети Загрузка... 26 Февраль 2025 14:20
1030041049_0_488_5200_3413_1920x0_80_0_0_e066c817bd2ef005c5bb8d2fa3776cdb.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы бекитилди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ Кыргыз Республикасынын президентинин “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасындагы калктуу конуштарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү максаттарында кабыл алынган.

Бул токтом менен ошондой эле 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, программаны ишке ашыруунун индикаторлорунун матрицасы, программанын ресурстук чыгымдарын баалоо бекитилди.

Министрликтерге жана административдик ведомстволорго, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) программаны жана Иъиш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Өсүүнүн таяныч борборлору – бул Кыргыз Республикасынын аймагында жанаша аймактарды же бүтүндөй регионду өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү экономикалык жана социалдык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктер же алардын аймактык бирикмеси. Өсүүнүн таяныч борбору шаарлардын, аймактардын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө дем берген, инновациялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана ишке ашырууга атайын колдоого алынган шаар же аймак болуп саналат. 

Программа белгилүү критерийлерге жооп берген өсүүнүн таяныч борборлоруна министрлер кабинети тарабынан колдоо көрсөтүүнү карайт. Аймакты өнүктүрүү боюнча өсүүнүн таяныч борборлорунун демилгелерин колдоо үчүн министрлер кабинети тарабынан республикалык бюджеттен өсүүнүн таяныч борборлорунун жергиликтүү бюджеттерине максаттуу трансферттерди бөлүү маселеси каралат.