Кыргызстандын президенти Бахрейндин Улуттук музейине барды

Президент 2051 21 Апрель 2025 23:47
DOS_0203.jpg
DOS_0179.jpg
DOS_0201 (1).jpg
DOS_0391.jpg
DOS_0425.jpg
Алдыга
Артка
DOS_0203.jpg
DOS_0179.jpg
DOS_0201 (1).jpg
DOS_0391.jpg
DOS_0425.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде Бахрейнге расмий сапарынын алкагында Манама шаарындагы Бахрейн Улуттук музейинде болду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн музейдин экспонаттарында көрсөтүлгөн байыркы Дильмун цивилизациясынан баштап заманбап Бахрейнге чейинки ар кыл мезгилдерди камтыган бай маданий жана тарыхый мурастары менен таанышты.

Негизги археологиялык табылгалар, Бахрейн элинин салттуу жашоосу, ошондой эле мамлекеттин өнүгүү тарыхы тууралуу маалымат берилди.

Президент Садыр Жапаров тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Бахрейн тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана өлкөнүн кылымдарды карыткан тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.