Кыргызстандын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү

Министрлер кабинети 3 июнь 2025 11:38
683e875d54e25-thumb.jpg
683e875d8e71c-thumb.jpg
683e875d37e63-thumb.jpg
683e875d06333-thumb.jpg
683e875d74333-thumb.jpg
683e875dcfd71-thumb.jpg
683e875de26cf-thumb.jpg
683e875e10261-thumb.jpg
683e874763700-thumb.jpg
683e875249160-thumb.jpg
Алдыга
Артка
683e875d54e25-thumb.jpg
683e875d8e71c-thumb.jpg
683e875d37e63-thumb.jpg
683e875d06333-thumb.jpg
683e875d74333-thumb.jpg
683e875dcfd71-thumb.jpg
683e875de26cf-thumb.jpg
683e875e10261-thumb.jpg
683e874763700-thumb.jpg
683e875249160-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйындын алкагында айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган агроөнөр жай комплексиндеги келечектүү инвестициялык долбоорлор сунушталды. Тактап айтканда, төмөнкүдөй демилгелер сунушталды: форель менен осетр балыгын өстүрүү жана кайра иштетүү долбоору, жүндү баштапкы иштетүүчү фабриканы куруу жана камволдук жип ийрүү фабрикасын модернизациялоо долбоору, мисал катары спаржа аркылуу жогорку кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү долбоору.

Мындан тышкары, аймактык мамлекеттик органдарга Азербайжан-Кыргызстан, Венгрия-Кыргызстан, Өзбекстан-Кыргызстан, Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонддору, Кепилдик фонду, ошондой эле мамлекеттик банктар сыяктуу өнүктүрүү институттарынан каржылоо механизмдери сунушталды.

Жыйындын жүрүшүндө экономикалык өсүштү стимулдаштырууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Аймактардын жетекчилери аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткычтары катары иш алып барууга, жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүүгө жана регионалдык артыкчылыктарды эске алуу менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырышты.

Кеңешменин жыйынтыгында минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирүү жана экономиканын реалдуу секторун колдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берди. Негизги милдеттерге төмөнкүлөр кирет: өнүктүрүү институттарынын активдерин жайгаштыруу стратегиясын кайра карап чыгуу, долбоорлорду каржылоо жана кепилдик колдоо инструменттерин киргизүү, инвестициялык долбоорлорду колдоо боюнча жергиликтүү күч-аракеттерди күчөтүү, Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондун ишке киргизүүнү тездетүү, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.