Кыргызстандын мамкызматкерлери Россиянын Президенттик академиясында билим алышы мүмкүн

Министрлер кабинети Загрузка... 11 Февраль 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РФЭЧжМКА) тарабынан уюштурулган Мамлекеттик башкаруу боюнча биринчи эл аралык конгресске катышты. 

Иш-чарага Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары – Россия өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Дмитрий Григоренко, Россия президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Кириенко, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин, Президенттик академиянын ректору Алексей Комиссаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Данияр Амангелдиев өз сөзүндө масштабдардагы жана институционалдык моделдердеги айырмачылыктарга карабастан, мамлекеттерди кесиптик мамлекеттик кызматтын артыкчылыктарын, стратегиялык пландоонун, санариптештирүүнүн жана конкреттүү натыйжага багыт алуунун зарылдыгын жалпы түшүнүү бириктирип турарын белгиледи. 

Ал Кыргызстан улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү мыкты эл аралык тажрыйбаларды ырааттуу түрдө киргизип жатканын, ачыктыкка жана коом менен кайтарым байланыш механизмдерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү оң өзгөрүүлөр, анын ичинде мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүнүн жана башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун жогорулатуунун аркасында мүмкүн болду.

Конгресстин алкагында Данияр Амангелдиевдин Президенттик академиянын ректору Алексей Комиссаров менен жолукту. Анда кадрларды даярдоо жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу маселелери, анын ичинде жогорку жана ортоңку звенодогу жетекчилер үчүн билим берүү программаларын ишке ашыруу талкууланды.