Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 33 жыл. Башкы штабдын мурдагы башчысы менен маек

Маек Загрузка... 29 Май 2025 09:22
WhatsApp Image 2025-05-28 at 10.07.12.jpeg
copyright icon Каармандын өздүк архивинен
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бүгүн, 29-майда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 33 жыл толду. Бул убакыттын ичинде армия кыйроого жакын этаптан курал-жарактардын жана техниканын азыркы кездеги түрлөрү менен жабдылып, согушка даяр аскер бөлүктөрүн түзүү стадиясына чейин өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы башчысы, отставкадагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев менен маек курду.

- СССР тарап, эгемендик алгандан кийинки алгачкы жылдарда республиканын аймагында жайгашкан советтик армиянын бөлүктөрү кандай абалга туш болгон? Оор мезгилдерде айлык маяналары айлап төлөнбөй, материалдык-техникалык база жок болгон учурлар болгон. Ошондогу бийликтеги айрым саясатчылар Кыргызстанга армиянын кереги жок дегендери бар эле.

- Армия экономиканын деңгээлине көз каранды болот. Экономиканын акыбалы кандай болсо, армиянын акыбалы ошондой болот. СССР тарагандан кийин экономиканын бардык тармактары кыйынчылыкка туш болду. Албетте, мунун кесепеттери армияга дагы терс таасирин тийгизди. Эң чоң катаны биздин ошондогу жетекчилик дагы кетирген. Анткени ошол мегилде армияны алып калсакбы же албай эле койсокбу деп ыргылжың болуп турушту. Эгемендүүлүктү 1991-жылы 31-августта алсак, Союздан калган армияны 9 айдан кийин гана 1992-жылы 29-майда өзүбүздүн юрисдикциябызда өткөрүп алдык. Ошентип, биздин республикага тиешелүү аскер бөлүктөрү 9 ай бою каралбай калган. Албетте, бул биз үчүн чоң утулуш болду. Бизде ошондо Балыкчыда, Кой-Ташта бирден гана аскер бөлүктөрү жайгашкан. Аскер жетекчилиги Фрунзе шаарында эле. Ал эми биздин республикага тийешелүү армиянын материалдык базасы – дивизиондук складдар, материалдык камсыздоо батальондор Казакстандын аймагында Кордайда калып кеткен. Ал жерде миңдеген тонна аскер кийим кечеги, тамак- аш, күйүүчү жана майлоочу материалдар, ок-дары, снаряддар, бүт дивизиялык запастардын баары калган. Өзгөчө резервде турган жаңы Камаз автоунааларына аскер бөлүктөрүн уруксатсыз таштаган офицерлер үй-тиричилигин жүктөп Россияга, Украинага кетип калган учурлар болгон. Солдаттар, офицерлер дагы аскер бөлүктөрдү таштап кетип жатты. Ошондой кырдаалда дивизиондук кампалар 9 ай ичинде тонолуп, эч нерсеси калбай калган. Анын сураган да киши жок болду. Башында биз суверендүүлүктү алдык дивизия биздики деп, баарын алып калсак, бизге эч ким эч нерсе демек эмес. Ошол кездеги бийликтин жанындагы кеңешчилеринин даярдыгынын жогунан, алысты көрө албагандыктан, анан армиясы жок эле жашайбыз деген саясаттын кесепети тийген. Башында куралдуу күчтөргө болгон кайдыгер мамиленин жана ар кандай көз караштардын натыйжасында биздин колубузга кыйраган армия тийген.

- 1999-2000-жылдары Кыргызстан эл аралык террористтердин тобунун чабуулуна кабылып, ошондогу олуттуу көйгөйлөрдүн, кемчиликтердин бетин ачылды эле. Баткен окуясы бизге кандай сабак болду, бизге эмнени үйрөттү, андан кийин армияга болгон мамиле кандай өзгөрдү?

- Баткен окуясы көзүбүздү ачты десек болот. Афганистан көп жылдар бою региондө ар кандай көйгөйлөрдү жаратып келген мамлекет. Террорчулук жасаган топтор азыр деле бар. Баткен окуясында биздин аймака кирип келген эл аралык террорчулардын саны беш-алтоо эмес, жүздөй террорчу келген. Алар ошол жерди база кылып алышкан экен. Кийин 5 тоннага чейин ок-дары табылбадыбы. Тоолордун арасында чоң үңкүрдүн ичине катышкан экен. Жалаң курал-жарак, мина , ок-дарылар. Вертолет менен Кожошкенден үч рейс менен араң чыгардык. Булар чынында эле ошол жерге халифат орнотобуз, жерди ээлеп алабыз деп Фергана өрөөнүн басып алууну көздөшкөн. Сирия, Ливия сыяктуу өлкөлөрдөгү абалды жаратышмак. Кийин ИГИЛ деген пайда болду, ошолор дагы деле бар. Баткен окуясы көзүбүздү чоң ачып, бизге армия керек экенин ошондо түшүнгөнбүз. Жөн эле эптеген армия эмес. Согушканды билген, өзгөчө тоолуу аймактарда ыңгайлашкан армия керек экенин түшүндүк. Ал кезде радиостанцияларыбыз жок болчу. Чакан аскер бөлүктөрүн тоолордун арасына 5-6 күнгө, бир айга жөнөтөбүз же алар менен байланыш жок. Алар өлүмгө кеткен балдардай болчу. Бир нерсе болуп кетсе, билмек эмеспиз. Кабарыбыз жок болсо, жардам бере албайт элек. Түнкү көрүүчү приборлор жок, радиостанция жок, ок-дары жетишсиз, авиация жетишсиз. Ошондой көйгөйлөр биздин жетекчиликке эмне жагынан кем болуп жаткан жактарыбызды ачык көрсөттү. Ошол мезгил бизди бардыгына үйрөттү, тактиканы кандай жүргүзүш керек, тоодо кандай кыймыл болуш керектигин ачыктады. Душман менен атышуулар, баары түн ичинде болуп биздин аскерлерге кыйын болгон. Кийин Россиядан, Америкадан гумжардам катары түнкү көрө турган приборлор келди. Ошентип Баткен окуясы биздин өлкө, аскер жетекчилигине, солдаттарга чоң сабак болгон.

- Акыркы жылдары армия чакырыктарга жана коркунучтарга ылайык реформаланды. Өлкө жетекчилиги армияга болгон мамилесин түп тамырынан бери өзгөрттү. Куралдуу күчтөрдүн азыркы абалын кандай баалайсыз?

- Учурдагы прездентибиз Садыр Жапаровдун бийликке келгенден бери армияга кылган мамилеси, көз карашы мурунку президенттерге салыштырмалуу таптакыр башкача болду. Эң биринчиден курал-жарак, аскер техикалары алынып жатат. Абада коргонуучу С-300 ракеталарын парадда көрдүңөр. Бул заманбап аскер куралы. Учкучу жок Байрактар, Акынжы деген аппараттар, дрондор алынып келинди. Булардын бары экономиканын өсүшүнө байланыштуу. Мунун баарын биз белек катары алган жокпуз, өзүбүз тандап, сатып алып жатабыз. Андан тышкары аскер кызматкерлерине турак жайлар салынып, казармалар оңдолуп, жаңыдан салынууда. Быйыл мына июндан ноябрга чейин Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп жаткандардын айлыгын көтөрөбүз деп президент убада кылды. Армияга көңүл бурган сайын кужүрмөн даярдыктарды көтөргөнгө аскер жетекчилери чоң аракет жасап жатышат. Бүгүнкү армиянын абалын мурункуга салыштырып болбойт. Туруктуу өсүү бар. Бирок тегеректе болуп жаткан согуштарды көрүп, дагы эле артта экенибизди тана албайбыз. Бизде азыр деле заманбап аскер куралдары жетишсиз. Башында айтып кеткендей, армиянын абалы экономикага байланыштуу. Бизде азыр экономикада чоң өсүштөр бар. Ошондуктан, биздин армиябыз күчтүү болооруна ишеним зор.