Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия кубогунун тандоо оюндарына катышат

Спорт Загрузка... 07 Февраль 2025 18:10
2024-09-26_18-13-54_611826.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon www

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-20) Азия кубогунун тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан кабарлашты.

Тандоо оюндары 12-февралдан 1-мартка чейин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтөт.

Азия чемпионатынын финалдык баскычында 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан курамасы А тайпасына кирип, Кытай, Австралия жана Катардын командалары менен плей-оффко жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстандын курамасы алгачкы беттешин 12-февралда Австралиянын жаштар курамасы менен өткөрсө, андан кийин 15-февралда турнирдин кожоюндары Кытай курамасы менен беттешип, тайпалык баскычты 18-февралда Катар жаштар курамасы менен жыйынтыктайт.

Эрежеге ылайык, чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер орун алган плей-оффко ар бир тайпадан эки мыкты команда чыгат.

Белгилей кетсек, Азия кубогунун жарым финалына чыккан командалар 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтө турган 20 жашка чейинки жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат.

Эске салсак, Азия кубогунун беттештерин "Этномедиа" онлайн кинотеатры аркылуу көрсө болот.