Кыргызстандын эгемендүүлүгү: Курулуш тармагында аткарылып жаткан иштер

Министрлер кабинети Загрузка... 30 Август 2025 16:00
68b29667a7898 (1).jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 115 социалдык объект пайдаланууга берилет.

Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2025-жылга белгиленген пландын негизинде 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 115 социалдык объекттинин курулушун жана капиталдык оңдоо иштерин аяктады.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата 107 объект пайдаланууга берилсе, быйыл бул көрсөткүч 115ке жетти.

Алардын ичинен:

  • 63 жалпы билим берүүчү орто мектеп;
  • 19 бала бакча;
  • 11 саламаттыкты сактоо мекемеси;
  • 13 спорттук жай;
  • 3 маданий жай;
  • 6 башка тармактагы объект пайдаланууга берилет.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, республикалык бюджеттен 10 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнүп, жогорудагы 115 объектинин курулуш иштерине жумшалды.

Мындан тышкары, 2025-жылдан аягына чейин 100дөн ашык социалдык жана инфратүзүмдүк объектини пайдалануу берүү пландалган.