Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын Япониянын Нара шаарында өтүүдө.
17-февраль күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны 22-февраль күнү жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- 60 кг Нургазы Кубанычбек;
- 66 кг Эрбол Абасбеков;
- 81 кг Эржан Канатбеков;
- +100 кг Эмирхан Жолдошказиев.