Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө кубогуна катышат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Казакстандын Астана шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 60 кг Мирозахид Имамназаров;
- 65 кг Омар Ливаза;
- 70 кг Алмаз Орозбеков;
- 75 кг Нурадин Рустамбек уулу;
- 80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу.
Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.