Кыргызстандын бардык мектептеринде БУУнун 80 жылдыгы белгиленүүдө

Министрлер кабинети 24 Октябрь 2025 10:10
68faf9daaa89a-thumb.jpeg
68faf99d2dc72-thumb.jpg
68faf99d9dc39-thumb.jpg
68faf99dbe7f2-thumb.jpg
68faf99dc43a9-thumb.jpg
68faf99e1ae41-thumb.jpg
68faf99e8b3ff-thumb.jpg
68faf99e33d41-thumb.jpg
68faf99e34f5d-thumb.jpg
68faf99e64d79-thumb.jpg
68faf99eca7ff-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68faf9daaa89a-thumb.jpeg
68faf99d2dc72-thumb.jpg
68faf99d9dc39-thumb.jpg
68faf99dbe7f2-thumb.jpg
68faf99dc43a9-thumb.jpg
68faf99e1ae41-thumb.jpg
68faf99e8b3ff-thumb.jpg
68faf99e33d41-thumb.jpg
68faf99e34f5d-thumb.jpg
68faf99e64d79-thumb.jpg
68faf99eca7ff-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган тематикалык сабактар жана иш-чаралар өткөрүлүүдө. Окуучулар БУУнун тынчтыкты сактоодогу, эл аралык кызматташтыктагы жана адам укуктарын коргоодогу ролун, ошондой эле Кыргызстандын уюмдун ишине кошкон салымын изилдешти. 

Бишкек шаарындагы Байдылда Сарногоев атындагы №100 орто мектебинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин катышуусунда класстык саат болуп өттү. 

Эдил Байсалов окуучулардын алдында сүйлөп жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи: 

«БУУнун күнү бардык мектептерде өткөрүлүп жатат, анткени Кыргызстандын окуучулары Бириккен Улуттар Уюму жөнүндө билиши керек жана биздин өлкө анын толук кандуу мүчөсү болгону менен сыймыктанышы керек. Анткени ар бирибиз – балдар дагы, чоңдор дагы – айлана-чөйрөнү сактоого, адам укуктарын урматтоого жана планетабызда тынчтыкты бекемдөөгө жооптуубуз». 

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар дүйнө жана жаштардын келечеги үчүн БУУнун мааниси жөнүндө чыгармачылык иштерин, стенддерин жана кыскача презентацияларын тартуулашты.