Кыргызстандын банктарынын активдери 1,5 трлн сомдон ашты

Экономика 12 октябрь 2026 17:20
Кыргызстандын банктарынын активдери 1,5 трлн сомдон ашты
copyright icon WWW

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Көрсөткүчтөргө ылайык, банктардын кардарларга берген кредиттеринин жалпы көлөмү 24,9% көбөйүп, 633,3 млрд сомго жеткен. Ал эми депозиттердин көлөмү 6,1% өсүп, 919,2 млрд сомду түзгөн.

"Ошондой эле ислам принциптери боюнча каржылоо жыл башынан бери 54,3% өсүп, 29,7 млрд сомго жетти", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленген күнгө карата өлкөдө 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп турган. Алардын алтоо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валюталарында кызмат көрсөтөт.