Кыргыз балбандары пахлавани жана кореш боюнча күмүш медаль утту

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 16:10
Кыргыз балбандары пахлавани жана кореш боюнча күмүш медаль утту

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн пахлавани жана кореш боюнча мелдештерде Кыргызстандын балбандары Баяман Мыктыбеков менен Сейтек Догдурбек уулу күмүш медаль утту.

Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өттү.

Кореш, башкача айтканда татар күрөшү боюнча 100 килограммдан жогорку салмак категориясында 32 мамлекеттен келген спортчулар күч сынашты.

Жыйынтыгында биринчи орунду россиялык Радик Салахов ээледи. Кыргызстандын атынан катышкан Баяман Мыктыбеков экинчи орунду багындырса, үчүнчү орун ирандык Мерсад Шахериге ыйгарылды.

Ал эми пахлавани, же иран күрөшү боюнча 90 килограммдан жогорку салмак категориясында 36 мамлекеттин балбандары күч сынашты.

Бул мелдеште ирандык Жоозегани Мостафа Тагхани биринчи орунду ээледи. Кыргызстандын балбаны Сейтек Догдурбек уулу күмүш медаль утса, монголиялык Бат-Орших Батсуури үчүнчү орунду ээледи.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар да ыйгарылды. Биринчи орунга — 100 миң сом, экинчи орунга — 80 миң сом жана үчүнчү орунга — 50 миң сом каралган.