Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. 2020-жылга чейин Кыргызстанда жылына болгону 200 чакырымга жакын асфальт төшөлүп келген. Ал эми 2025-жылы өлкө боюнча 1500 чакырым жол курулуп, быйыл да ушундай темпти сактоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, келечекте өлкөдөгү асфальтталган жолдор Германиядагыдай эле ар бир айылга чейин жетет.
"Азыр биз асфальт жана шагыл жолдорду салып, атүгүл жайлоолорго чейин жетип жатабыз. Эң негизгиси — алгач эл аралык жана стратегиялык трассаларды бүтүрүп алсак, андан кийин толугу менен айыл ичиндеги жолдорго өтөбүз", — деди Садыр Жапаров.