Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү чет өлкөлөрдө таанылат – президент

Президент Загрузка... 14 Апрель 2026 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен болгон жолугушууда өлкөдө жүрүп жаткан реформалар көп учурда коррупциялык топтордун каршылыгына туш болуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ар кандай өзгөрүүлөр оор кабыл алынып, сын-пикирлер, митингдер жана социалдык тармактардагы терс кампаниялар менен коштолууда.

Президент мындай аракеттердин артында мурда каржы агымдарын көзөмөлдөп, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү менен жеке пайда көздөп келген адамдар турганын белгиледи.

Садыр Жапаров 2020-жылга чейин мамлекеттик маанилүү документтердин көбү (паспорт, айдоочулук күбөлүк, аттестаттар ж.б.) чет өлкөлөрдө басылып келгенин эске салды. Бул жагдай ири коррупциялык схемаларга шарт түзүп келген. Ал эми учурда мындай документтер толугу менен Кыргызстанда чыгарылууда.

3701002.111b9dcaf85cbfe3933e145f60c68166.width-800.jpg

Ошондой эле мамлекет башчысы жаңы айдоочулук күбөлүктөр чет өлкөлөрдө таанылбайт деген билдирүүлөрдү төгүндөп, алар эл аралык талаптарга жооп берерин жана бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Европа мамлекеттеринде жана Россияда тааныларын белгиледи.