Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Арлен Алиасов Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугуп, кыргызстандыктарды Хорватияда ишке орноштуруу маселесин талкуулады.
Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда жарандарды мыйзамдуу, уюшкан жана коопсуз ишке орноштуруу, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин жана иш берүүчүлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Тараптар эмгек рыногунун муктаждыктары боюнча маалымат алмашууну жана кыргызстандыктардын чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытындагы диалогду улантууну макулдашты.