Кыргызстандыктар "Түндүк" тиркемеси аркылуу 35 миллиондон ашык онлайн кызмат алышты

Санарип Кыргызстан 30 август 2025 10:19
Кыргызстандыктар "Түндүк" тиркемеси аркылуу 35 миллиондон ашык онлайн кызмат алышты

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарандардын жашоосун жеңилдеткен санариптик кызматтарды сунуштады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумуна 350 катышуучу — мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар интеграцияланган. Бүгүнкү күнгө чейин 5 миллиарддан ашык маалымат алмашуу ишке ашкан.

Ошондой эле "Түндүк" мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 179 кызмат ишке ашырылып, жарандар 35 миллиондон ашык онлайн кызмат алышкан.