Кыргызстандыктар эми банктык жана SIM-карталарын башка бирөөгө бере албайт

Президент Загрузка... 22 Июль 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-07-22 at 09.45.37 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты адамдын өзүнүн банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө болуп саналат, бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт.

Алсак, ушул мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексин электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген ченем менен толуктоо сунушталат (2091-берене).

Ошол эле учурда “электрондук төлөм каражаттары” деген түшүнүк аныкталат.