Кыргызстандык стартап дүйнөлүк деңгээлдеги сүйлөө технологиясын иштеп чыкты

Санарип Кыргызстан Загрузка... 06 Октябрь 2025 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.10.25 /Кабар/. Кыргызстандык IT-компания NineNineSix жаңы муундагы KaniTTS аттуу үн синтездөө (Text-to-Speech) моделин иштеп чыкты. Бул технология сапаты жана ылдамдыгы боюнча дүйнөлүк алдыңкы компаниялар — ElevenLabs, OpenAI, Google, Microsoft жана Hume.Ai сыяктуу гиганттарга тең келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы таратты.

KaniTTS реалдуу убакыт режиминде табигый, интонацияга бай, эмоция менен коштолгон үндөрдү жасайт. Эл аралык адистер бул моделди үн генерациялоо боюнча дүйнөдөгү эң мыкты (open-source) системалардын бири катары таанышты.

Аталган технологияны кыргызстандык инженерлер — Уланбек Абдуразаков, Денис Павлов жана Нурсултан Бакашов иштеп чыгышкан. Модель буга чейин эле Hugging Face платформасынан 15 миңден ашуун жолу жүктөлгөн. Hugging Face — бул дүйнөлүк деңгээлдеги ИИ-моделдер жана датасеттер жүктөлүүчү, ишке киргизүү мүмкүн болгон ачык платформа.

KaniTTS эмнеси менен өзгөчө?

KaniTTS — жөн гана текстти үнгө айлантуучу курал эмес. Ал сүйлөмдүн маанисин түшүнөт, интонацияны, паузаларды жана эмоцияны жаратат. Бул технология адам үнүнө мүмкүн болушунча жакын синтетикалык добуш берет.

Башкы өзгөчөлүгү — ылдамдыгы:
Модель 1 секундада 15 секунддук үн жарата алат. Бул аны реалдуу убакытта иштөөгө ылайык кылат: виртуалдык жардамчылардан тартып оюндарга, фильмдерге жана билим берүү тиркемелерине чейин.

Жөнөкөй жабдууда иштейт:
Бул жогорку сапаттагы синтез NVIDIA RTX 5080 сыяктуу кадимки керектөөчү GPUларда иштейт. Моделди колдонуу үчүн кымбат серверлер талап кылынбайт.

Кантип жана кайда колдонулат?

KaniTTS учурда англис, немис, корей, араб, кытай жана испан тилдеринде сүйлөйт. Жакын арада кыргыз жана жапон тилдери кошулат.

Колдонуу тармактары:

  • Виртуалдык ассистенттер жана чат-боттор;
  • Оюндардагы каармандардын үнү;
  • Медиа жана подкасттар;
  • Билим берүү платформалары;
  • Көрүүсү начар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк технологиялары.

Ачык булак жана дүйнөгө жеткиликтүүлүк

KaniTTS толугу менен жеткиликтүү технология. Ал Apache 2.0 лицензиясы менен эркин колдонууга жеткиликтүү. Бул дүйнө жүзүндөгү иштеп чыгуучуларга жана изилдөөчүлөргө моделди акысыз колдонууга, өнүктүрүүгө жана ыңгайлаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

«Биз технология эмес, мүмкүнчүлүк жараткан шайман түзгүбүз келди. Мындан ары миллиондогон долларлар талап кылынган технологияны эми чакан командалар жана изилдөөчүлөр да пайдалана алышат», — деп билдиришти NineNineSix компаниясы.

Жакынкы пландар: добушту клондоо

Команда учурда добуш клондоо функциясын ишке ашырууга даярдык көрүүдө — бул технология адамдын үнүн бир нече секунддук жазуудан үйрөнүп, ошол эле үн менен текстти сүйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстан үчүн чоң кадам

KaniTTS — Кыргызстанда иштелип чыгып, дүйнөгө таанылган алгачкы үн синтези системасы. Бул жергиликтүү IT-командалардын дүйнөлүк деңгээлдеги продукт чыгара ала турганын далилдеди.

«KaniTTS — талант, амбиция жана туура чөйрөнүн айкалышы менен жаралган чоң жетишкендик. Жогорку технологиялар паркы мындай идеялар ишке ашуучу платформага айланып жатканына сыймыктанабыз», — деп белгилешти компаниядан.