Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. 25-27-май күндөрү Стамбулда салттуу жаа атуу боюнча 13-эл аралык Fetih Kupası турнири өттү.
Салбуурун федерациясынан билдиришкендей, турнирге 40тан ашуун өлкөдөн келген 700дөн ашуун спортчу катышты.
Кыргызстандык спортчулар бул турнирде өзгөчө ийгиликтерге жетишишти:
Ынтымак Мурадил уулу эркектер арасындагы индивидуалдык мелдеште алтын медаль жеңип, дүйнө чемпион болду.
Асел Садырова аялдар арасындагы индивидуалдык мелдеште күмүш медалды жеңип, Кыргызстандын намысын дагы бир жолу бийикке көтөрдү.
Бул кыргызстандык спортчулардын Fetih Kupası турнириндеги биринчи жеңиши – буга чейин бир дагы кыргызстандык бул абройлуу эл аралык мелдештин чемпиону боло элек болчу.
Сыйлык тапшыруу аземинде Стамбулда Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлүп, гимни жаңырды . Бул бүткүл кыргыз эли үчүн сыймыктануу жана тарыхый учур.
Ынтымак Мурадил уулу жана Асел Садырова — Кыргызстандын салттуу жаа атуу чеберлери. Экөө тең буга чейин да эл аралык мелдештерде өлкөнү татыктуу көрсөтүп келишкен. Бул жолку жеңиштер алардын туруктуу эмгегинин жана улуттук жаа атуу мектебинин өсүп жаткандыгынын далили болуп калды.