Кыргызстандык спортчу пара атлетика боюнча дүйнөлүк гран-приде коло медалга ээ болду

Спорт 1856 19 Февраль 2025 10:39
IMG_9369.original.jpg
IMG_9368.original.jpg
Алдыга
Артка
IMG_9369.original.jpg
IMG_9368.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Пара атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Камчыбеков Дубайда (БАЭ) өткөн дүйнөлүк гран-приде коло медаль тагынды.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдештер 6-13-февраль аралыгында өтүп, ага 52 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышкан.

Маалым болгондой, команда турнирге башкы машыктыруучу Алмаз Абировдун жетекчилиги астында катышкан.