Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алышты

Билим 2966 17 Февраль 2025 18:27
480209388_1055260969980980_2290513370554060434_n.jpg
475576670_1055260809980996_6594972362157192540_n.jpg
478522569_1055260716647672_716574690086781101_n.jpg
479693955_1055261086647635_7452766377843587864_n.jpg
480130033_1055260719981005_7302458827186812781_n.jpg
480245413_1055260826647661_3541935562683696983_n.jpg
480268942_1055260939980983_7982333938291532131_n.jpg
480563797_1055260979980979_8104400295745948480_n.jpg
480633609_1055260793314331_9171018887359008682_n.jpg
480770780_1055260723314338_2692217616655555255_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Румынияда өткөн IX Info (1) Cup эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын 7-9-февралда өтүп, ага дүйнөнүн Армения, Азербайжан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израил, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Англия, Өзбекстан сыяктуу күчтүү өлкөлөрүнөн 2009-жылы, же андан кийин төрөлгөн 184 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасынын курамына 8 окуучу кирди. Жыйынтыгында эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан катышкан 7 окуучу байгелүү орундарды ээлеп (1 алтын медаль, 3 күмүш медаль, 3 коло медаль утуп), 1 катышуучу сертификатты жеңип алды.

Алтын медалды Ош шаарындагы Сапат лицейинин, 9-классынын окуучуcу Абдуллахан Абдирасулов тагынды. Аны бул олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган.

Күмүш медалдарды Нарын шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучусу Адилхан Кадыров, Токмок шаарындагы Сапат лицейинин 10-классынын окуучусу Нурислам Карыпжанов, Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык лектеп-лицейинин 9-классынын окуучусу Сабыр Алымбековдор жеңип алышты. Адилхан менен Нурисламды олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган, ал эми Сабырды олимпиадага Медербек Осмонов даярдаган.

Коло медалга “Сейтек-Стем” мектебинин 9-классынын окуучусу Рамазан Мананов, Ош шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучуcу Али Арапов, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 9-классынын окуучуcу Саид Жаникеевдер татыктуу болушту. Рамазан менен Алини олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган, ал эми Саидди олимпиада агайы Бексултан Алмазбеков даярдаган.

Андан тышкары Кылычбек Урайымов даярдаган Кызыл-Кыя шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучусу Азирети-Билал Жаныбаев сертификатка ээ болду.