Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда омуртка булчуңдарынын атрофиясы (СМА) диагнозу коюлган бейтаптарга "Золгенсма" дарысы жазылбайт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун неврология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Макеева билдирди.
Анын айтымында, бул дарыны жазып берүү үчүн лицензиясы, сертификаты бар адис болушу керек.
"Бизде бул адис жок. Дарыны дайындоо үчүн тендердик анализ жүргүзүү керек, ал бизде азырынча жүргүзүлө элек",- деди ал.
Балдар неврологу, жогорку категориядагы дарыгер Нурмухамед Бабажанов Кыргызстандын дарыгерлери бул дарыны жазып бере албастыгын, бирок бейтап кайсы жерден алса болоору тууралуу сунуш бере алаарын айтты. Бул дарыны Америкада, Россияда жана Дубайда алууга болот.
"Биз бул сунуштардын бардыгын бейтаптарга берип жатабыз", - деди ал.