Кыргызстанда СМАны эрте аныктоо үчүн төрөт үйлөрүндө неонаталдык скрининг киргизүү зарыл

Ден соолук Загрузка... 25 Март 2025 14:13
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда омуртка булчуңдарынын атрофиясын (СМА) эрте аныктоо үчүн төрөт үйлөрүндө неонаталдык скринингди киргизүү зарыл. Бул тууралуу балдар неврологу, жогорку категориядагы дарыгер Нурмухамед Бабаджанов Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, СМА оорусун балдардын кичирээк кезинде, болушунча эрте аныктоо өтө маанилүү. "Канчалык эрте диагноз койсок, дарылоону ошончолук эрте баштайбыз. Бул жерде диагнозду кайсы этапта койгонубуздан көп нерсе көз каранды. Эгерде 4-5 жашында диагноз коюлса, анда бала 100 пайыз өз калыбына келе албай калат. Биз ооруну токтотобуз, бирок калыбына келбейт. Демек, СМАнын биринчи тобун бала төрөлгөндөн кийин 6 айына чейин аныктоо керек. Ал эми бир жашка чейин дарылоону баштоо зарыл. Бала бир жаштан өткөндөн кийин бизге келишсе генетикалык диагноз коебуз, бирок баланын бардык функциялары калыбына келбестигин ачык эле айтабыз", - деди ал.

Балдар неврологу белгилегендей, өлкөдө төрөлгөндө эле дароо неонаталдык скрининг жасоону киргизүү керек. Эгерде шектенүүлөр болсо, анда биз толук текшерүүдөн өткөрөбүз. Бул иш-аракеттер ооруну эрте аныктоого жана дарылоону баштоого жардам берет.