Ысык-Көлдө медицина тармагынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы сыналды

Ден соолук 15 июль 2026 18:30
2d95f272-4468-4e26-af2c-9da2f185fe3e.jpg
05b94e84-b43a-4ae1-8bc9-23c454379299.jpg
5e3e43f5-3d90-4026-b9b1-77ead05bd5e1.jpg
19b54b30-778a-4ba9-85df-fd4a89751b9d.jpg
39bde8f2-6aec-461a-bfcd-7d8e84a3d9e1.jpg
86dcde76-92f9-4dd6-b644-2e2cb7ae2b06.jpg
97c8c3a9-f1eb-43d6-b6f4-b9325fd8bb9f.jpg
628ed044-1d7f-4a66-bb94-3ac86015f435.jpg
8846f2ab-f36b-4185-96cb-7be54c8ef7c8.jpg
24487eb6-c274-46b9-9c11-77799aa773c7.jpg
56564bd6-12d2-491a-ae29-c365c7780ff5.jpg
76398182-911d-4e9a-b4ac-2f10be74057d.jpg
ac07f048-be8f-432c-aa8c-52aade5e0f65.jpg
b4fdf3ad-b3be-421a-ad07-32c7364c8257.jpg
cf8b81d3-b200-4620-9cee-0dedfa727f2e.jpg
d08051bf-64ef-4ef8-a93f-710af9a51f9f.jpg
e04ca432-8474-43d7-8a8a-294b6509efc3.jpg
f3d9b3af-7d79-4d83-b8cf-42e05618ca0e.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча эки күндүк ведомстволор аралык симуляциялык машыгуулар өттү.

Иш-чара Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулду.

Ведомствонун маалыматына караганда, катышуучулар Кырчын жайлоосунда жана Ысык-Көл райондук ооруканасында курч ичеги-карын инфекциясынын очогу жана белгисиз оору жайылган учурдагы аракеттердин алгоритмин моделдештиришти.

"Коркунучту эрте аныктоо, мекемелер аралык байланыш, эпидемияга каршы иш-чаралар жана кризистик коммуникация багыттары иш жүзүндө текшерилди", - деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Гүлбара Ишенапысова тутумдун даярдыгы кагаз жүзүндө эмес, реалдуу шартта ийгиликтүү сыналганын белгиледи.

ДССУнун өкүлү Жанара Бекенова бул биргелешкен машыгууларды Көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чараларды коопсуз өткөрүүгө багытталган маанилүү инвестиция катары баалады.