Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Армениянын Ераван шаарында өтө турган “Левон Варданян” эл аралык мелдешке катышат.
Дене тарби жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 23-26-март күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 57 кг Мухамедрассул Салиев;
- 61 кг Юхан Догдурбек уулу,
- 65 кг Билол Шарип уулу;
- 70 кг Адис Рахат уулу, Аден Сакыбаев;
- 74 кг Өмүрбек Таалайбек уулу, Канат Керимбеков;
- 79 кг Байтемир Түлөбердиев;
- 92 кг Улук Сооронбеков.
Курама команда улук машыктыруучу Ильгиз Жакыпбеков (U-23) жана машыктыруучу Улан Надырбек уулунун жетекчилиги алында мелдешке катышат.