Кыргызстандык балбандар Албанияда өткөн рейтингдик мелдеште 9 медаль жеңди

Спорт 03 Март 2025 10:44
482646411_18348324931196946_733910810999738502_n.jpg
482132199_18348324964196946_9156693622108552912_n.jpg
482235803_18348325015196946_1967583347969062491_n.jpg
482297892_18348324997196946_9142272399293243355_n.jpg
482360147_18348324976196946_6578048022630402310_n.jpg
482503923_18348325018196946_6274706902630330555_n.jpg
482670569_18348324949196946_3708714092807032103_n.jpg
482714265_18348324985196946_3373426730286766661_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын спорттук күрөш (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча улуттук курама командасы Албанияда өткөн рейтингди мелдеште 9 медал жеңишти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын ичинен 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль.

Мелдеш 26-февралда башталып 2-март күнү жыйынтыкталды.

Ошентип, грек-рим күрөшү боюнча Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) рейтингдик мелдештин жеңүүчүсү аталды. 63 кг чейинки салмакта Дөөлөтбек Чойбеков күмүш медалга ээ болду. Баяман Каримов (67 кг) жана Ырыскелди Хамзаев (72 кг) 3-орунга ээ болушту.

Курама команда башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу жана улук машыктыруучу Атай Замирбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Ал эми эркин күрөш боюнча 65 кг чейинки салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медаль жана Билол Шарип уулу коло медалга ээ болду. 57 кг чейинки салмакта Алмаз Сманбеков 3-орунду ээледи.

Курам башкы машыктыруучу Азат Мирахимов жана улук машыктыруучулар Ильгиз Джакыпбеков, Эламан Догдурбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Ошондой эле кыз-келиндер арасында 76 кг чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду

Белгилей кетсек, улуттук курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Нурдан Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.