Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы рейтингдик мелдеште 3 медаль жеңди

Спорт Загрузка... 27 Февраль 2025 20:00
WhatsApp_Image_2025_XmWcQzg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү рейтингдик мелдеште 1 күмүш, 2 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Албаниянын Тирана шаарына өтүп жатат.

Алсак, 65 кг чейиники салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медаль жеңсе, Билол Шарип уулу (65 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) коло медалга ээ болушту.

Курама команда башкы машыктыруучу Азат Мирахимов, улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулу жана жаштар курама командасынын улук машыктыруучусу (U-23) Илгиз Жакыпбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.