Кыргызстандык адистер жер семирткич өндүрүү боюнча окутуудан өтөт

Коом 29 июля 2026 16:00
759479849_1346718761000286_7151460968743240379_n.jpg
758874788_975919368828044_3378747361617748726_n.jpg
759632366_28410131555239207_5696971730448013306_n.jpg
757563511_878802331615597_2694484835383201023_n.jpg
757954970_1393248499446013_1602873323761842556_n (1).jpg
758951190_2736536043413914_4446744051571657308_n.jpg
757954970_1393248499446013_1602873323761842556_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда жер семирткич өндүрүүчү завод куруу боюнча ведомстволук аралык жумушчу топтун төрагасы, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу баштаган делегация Кытайда иш сапары менен болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Пекин шаарында мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, Кыргызстанда жер семирткич өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле делегация Кытайдын Ички Монголия автономдуу районунда көмүрдөн жер семирткич өндүргөн ири ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, Кыргызстанда учурда курулуп жаткан жер семирткич өндүрүүчү заводдо эмгектене турган адистерди Кытайда окутуу жана өндүрүштүк тажрыйбадан өткөрүү боюнча кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюлду.

Бул демилге келечектеги ишкананы квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууга жана заманбап өндүрүштүк көндүмдөрдү өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.