Кыргызстандан жыгач экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети 28 май 2025 14:30
Кыргызстандан жыгач экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Бишкек, 28.05.25./Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары жыгач жана жыгач материалдарын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403, 4407 коддору) ташып чыгууга убактылуу алты айлык тыюу салды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Тыюу токтом жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет.

Токтомдун толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.