Кыргызстандан 12 компания Берлинде эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда

Экономика Загрузка... 06 Март 2025 18:39
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кыргызстандын Германиядагы элчилиги

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. 4-5-мартта Германиянын Берлин шаарында ITB эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Күн мурун Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын павильонунун ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын туроператорлору менен баарлашып, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулап, бизнес өнөктөштөрдү табууда жана пайдалуу келишимдерди түзүүдө ийгиликтерди каалады.

Элчи Текебаев ошондой эле Германиянын Dusseldorfer Blatt жана Stimme der Hauptstadt гезиттерине интервью берип, Кыргызстан туристтик потенциалы тууралуу кеңири айтып берди.

ITB-2025 көргөзмөсүнө Кыргызстандан жалпысынан 12 туристтик компания катышууда.