Кыргызстанда пластикалык хирургдардын кызматын колдонгондордун саны барган сайын көбөйүп жатат, алардын ичинде аялдар эле эмес, эркектер да бар. Пластикалык хирург Элеман Маматаевдин айтымында, эркектер да өз келбетин өзгөрткүсү келип, алар да мурдагыга караганда хирургдарга көбүрөөк кайрыла башташкан. Ал маегинде кыргызстандыктар кайсы талаптар менен кайрыла турганын, ошондой эле пайда болгон эстетикалык тенденциялар, мифтер жана эң негизгиси — туура адис тандоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып берди.
— Элеман Шерипканович, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы пластикалык хирургия дүйнөлүк практикадан канчалык айырмаланат?
— Артта калуу минималдуу. Бизде көпчүлүк дарыгерлер чет өлкөлөрдө билим алып, эл аралык стандарттарды жана заманбап технологияларды колдонушат. Бирок, жабдууларга жана бейтаптардын капчыгына карата чектөөлөр бар.
— Чет элдик клиникалар менен атаандаштык барбы? Бейтаптар пластикалык операция жасатуу үчүн чет өлкөгө кетишеби же тескерисинче, биздин өлкөгө келип жатышабы?
— Ооба. Айрым бейтаптар Түркияга, Түштүк Кореяга, Россияга кетишет. Бирок, ал өлкөлөрдө узак убакыт болуу финансылык жаатта маселе жаратат, ошондуктан операциядан кийин бейтаптар кайра дароо бизге келишет. Анткени, операциядан сырткары таңуу, пландуу кароолор, жипти алуу сыяктуу кошумча процедуралар да бар. Айрым учурда операциядан кийин айыга албай калган учурлар да болот. Мындай учурларда бейтаптар кайра чет өлкөгө уча албай калышат да, жардам сурап бизге кайрылышат. Бирок, Кыргызстандын өзүнө да коңшу өлкөлөрдөн келе баштагандар көбөйдү. Анткени, бизде баалар төмөн. Муну менен катар сапатка болгон ишеним да артууда десек туура болот.
— Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар арасында кайсы операциялар эң популярдуу? Кыргызстанда кандайдыр бир эстетикалык тенденциялар байкалуудабы?
Эң популярдуу операциялар — блефаропластика, липосакция жана эмчекти чоңойтуу.
— Сизде “экзотикалык” же адаттан тыш өтүнүчтөр менен келген бейтаптар болду беле?
— Кээде мурундун адаттан тыш формасын, табигый эмес пропорцияларды, кулактын формасын (эльфтин же балбандын кулагы сыяктуу), киндикти өзгөртүүнү сурашат. Кээ бирөөлөр аниме каарманына окшош болгусу келет.
— Бейтаптардын өзүн баалоосуна жана каалоолоруна Instagram маданияты таасир этип жатат деп санабайсызбы?
— Ооба. Адамдар фильтрлер менен, башка адамдардын сүрөттөрү менен келишип, алардын жүзүн каалашат. Бул өзүн бурмаланган түрдө кабылдоого алып келет.
— Эркектер пластикалык хирургия кызматтарына көбүрөөк кайрыла башташтыбы? Алар өздөрүндө эмнелерди көбүрөөк өзгөрткүсү келишет?
— Ооба, эркектер көбүрөөк кайрыла башташты. Айрыкча жаш жигиттер көп. Алардын негизги суроо-талаптарында блефаропластика, отопластика, липосакция, ээкти оңдоо өңдүү операциялар көп кездешет. Улуу курактагы эркектерде болсо бет тартуу операциялары, курактык блефаропластика популярдуу.
— Сиз пластикалык хирургиядан өткөн келбеттерге көз карашыңыз кандай?
— Адистер тең салмактуулукка умтулушат. Ашыкча жасалган пластикалык операциялар өзүн-өзү баалоонун бурмаланышынын натыйжасы болуп саналат, көп учурда дарыгерлер мындай операцияларга макулдук бербейт.
— Сиз өзүңүзгө же кесиптештериңизге пластикалык операция жасадыңыз беле?
— Ооба, көп жасайм. Негизи бул эмчекти чоңойтуу, көздүн сурмасын, мурунду, ээкти оңдоо операциялары. Бул кадимки көрүнүш.

— Бейтаптар кандай коркунучутарды эске алышпайт?
— Оорунун өрчүшүн, аллергия, реабилитация, психологиялык адаптацияны көп бейтаптар эске алышпайт. Натыйжа дароо эле болбой тургандыгына баары эле даяр эмес.
— Операцияга кирерде бейтап эмнелерди билүүсү абзел?
— Бул сыйкыр эмес, хирургиялык кийлигишүү экенин, тобокелдиктер бар экенин билүү керек. Мында дарыгерди тандоо, анализдер, психоэмоционалдык даярдык маанилүү.
— Жаш курак боюнча чектөөлөр барбы? Кыргызстанда пластикалык хирургия кызматтарына канча жаштан баштап кайрылса болот?
— Расмий түрдө 18 жаштан баштап кайрылса болот. Бирок, медициналык көрсөтмөлөргө жараша чектөөлөр болушу мүмкүн.
— Пластикалык хирургия тууралуу кандай мифтерге көп туш болосуз?
—“Операция жеңил жана оорутпайт”, “Натыйжа дароо билинет”, “Сен өз жүзүңдү башка бирөөгө окшоштурсаң болот”, “Канчалык көп болсо, ошончолук жакшы” деген сыяктуу мифтерди көп угам.
— Кыргызстанда жакшы хирургду кантип тандоо керек? Эмнеге көңүл буруу керек?
— Сөзсүз түрдө ал хирург тууралуу пикирлерди окуп, “операцияга чейин жана кийин” болгон сүрөттөр менен таанышып чыгуу керек. Ошондой эле дарыгердин сертификаттары, жеке баарлашуу жана анын чынчылдыгы маанилүү. Жакшы хирург керек учурда операциядан баш тартканды да билиши керек.
— Операциядан кийин өкүнгөн бейтаптар кездешеби? Мындай учурда эмне кылуу керек?
— Ооба, мындай учурлар болот. Буга эмоцияга негизделген чечимдер же операциядан кийин дененин узак убакытта калыбына келүүсү себеп болушу мүмкүн. Мындай учурда коррекция, психологиялык жардам жана колдоо зарыл.