Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда футбол оюнунун аброю өсүшү менен спорттун бул түрүнүн инфраструктурасы активдүү өнүгүүдө. Республикада жаңы стадиондор курулуп, иштеп жаткан спорттук объекттилер масштабдуу реконструкциядан өтүүдө. Бул аракеттердин аркасында келечекте ири спорттук иш-чараларды өлкөдө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бишкектин четиндеги Өрнөк айылында курулуп жаткан стадион Борбор Азиядагы эң ири, 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган маанилүү спорттук борбор болмокчу. Имараттын отургучтар жайгашкан бөлүгүнүн аянты 70 миң м², ал эми курулуштун жалпы аянты 180 миң м² түзөт. Стадион 70 метр бийиктиктеги сегиз кабаттуу структурага жана диаметри 280 метр болгон тегерек формага ээ болот. Стадиондун жалпы аянты 85 миң м² түзөт.

Белгилей кетсек, курулуш ФИФАнын бардык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, эл аралык деңгээлдеги матчтарды, анын ичинде чейрек финалга чейинки оюндарды өткөрүүгө ылайыкталат. Келечекте стадиондо Азиянын премьер-лигаларын да кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Имараттын дизайны боз үй түзүлүшүндө болуп, кыргыз маданиятынын уникалдуу элементтерин камтымакчы. Курулушту 2026-жылы аяктоо пландалган.

Ошондой эле Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо чакан спорттук аренанын курулушу кызуу жүрүүдө. Эки кабаттуу жер төлөсү менен курулуп жаткан бул объекттин жалпы аянты 15,342 м² түзүп, негизинен 5000 көрүүчүгө ылайыкталган.

Спорт багытындагы дагы бир маанилүү жаңылык - Баткен шаарында 10 миң орундуу стадиондун курулушунун башталышы. Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев 26-февралда стадиондун курулушуна капсула салды. Объекттин жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Бул жерде үч машыгуу талаасы жана төрт мини-футбол аянтчалары жайгашат.

Стадиондун аймагында профессионал футболчулар жана жаш оюнчулар үчүн 100 орундуу мейманкана комплекси курулат. Бул Баткендин футбол инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болмокчу. Белгилей кетсек, курулуш Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында аймактагы биринчи спорттук долбоор болуп саналат.

Мындан тышкары, 2024-жылы бир катар стадиондордун оңдоп-түзөө иштери аяктаган. Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы "Спартак" стадиону жаңыланды. Реконструкциялоонун алкагында жаңы жарык берүү системасын орнотуу, гибриддик газонду төшөө жана автоматтык сугаруу системасы боюнча иштер жүргүзүлдү. Чуркоо жолу жана отургучтар жаңыртылып, көрүүчүлөр жана спортчулар үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Стадиондун сыйымдуулугу 18 500 көрүүчүнү түзөт.

Ошондой эле Жалал-Абадда "Курманбек"стадиону да реконструкцияланган. 5000 көрүүчүгө ылайыкталган бул стадион заманбап шарттарга ээ. Стадионго гибриддик газон төшөлүп, трибуналар жаңыртылып, жарыктандыруу системасы орнотулуп, бардык жайлары оңдолгон.

Бул долбоорлордун бардыгы Кыргызстандын футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү оюнчулардын профессионалдык жактан өсүшүнө жана өлкөдө эл аралык матчтарды өткөрүүгө шарт түзүүгө багытталган олуттуу аракеттер жүрүп жатканын күбөлөндүрөт.