Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга берилүүчү социалдык жөлөк пулдарды алуучулардын арасында II топтогу майыптыгы бар адамдар басымдуулук кылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Эмгек министрлигинин майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова билдирди.
Анын айтымында, социалдык жөлөк пул алуучулардын саны майыптык тобуна жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- I топ — 8 631 адам;
- II топ — 29 882 адам;
- III топ — 15 406 адам.