Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жеке ассистенттин кызматынан 15 миңден ашуун майыптыгы бар адам пайдаланууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин майыптуулугу бар балдар жана улгайган адамдарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Молдогазиева радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде 9 миң 534 бала жана 5 миң 496 бала чагынан бери 1-топтогу майыптыгы бар чоң адамдар. Ал эми өлкөдө майыптыгы бар адамдардарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин саны үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата 14 миң 723тү түздү.
“2024-жылдын 1-июлунан тарта көмөкчүлөргө ай сайын 7 миң 681 сом төлөнүп келе жатат. Аларга айлык акы статистикалык комиттетин жашоо минимумунун негизинде берилет”,-деди ал.
Молдогазиева белгилегендей, "Жеке ассистент" кызматы 2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж, майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлөт. Башында мамлекет аларга 4 миң 900 сом төлөп берсе, 2022-жылы бул сумма 6 миң 268 сомго көтөрүлгөн.