Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүү станциялары курулууда

Коом 8 август 2025 18:00
tf7rihr0angngppgqijf1nez6nbk7yv6.jpg
529762400_1160213869484671_3222390798123031037_n.jpg
528842652_1160213766151348_5002025951626680066_n.jpg
529758212_1160213839484674_2975143982519221909_n.jpg
Алдыга
Артка
tf7rihr0angngppgqijf1nez6nbk7yv6.jpg
529762400_1160213869484671_3222390798123031037_n.jpg
528842652_1160213766151348_5002025951626680066_n.jpg
529758212_1160213839484674_2975143982519221909_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүү станциялары курулууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда аталган банк менен ӨКМдин ортосунда түзүлгөн келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.

Ошондой эле тараптар Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарындагы гидрометеорологиялык посттордун, мониторинг жүргүзүү станцияларынын жана өзгөчө кырдаалдарды эрте кабарлоо системаларынын курулуштарынын жүрүшү жана аяктоо мөөнөттөрүн талкууга алышты. Курулуштар Азия өнүктүрүү банкынын "Климаттын өзгөрүүсү жана кырсыктардын тобокелдигине суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Эделбек Кулматов Жалал-Абадда Кыргыз гидрометеорологиялык кызматынын 9 байкоо пунктунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турганын маалымдады.

Анын айтымында, Ошто 5 байкоо пункту жана кызматтык үйлөрдүн курулушу соңуна чыгууда. Ал эми Чүй, Нарын облустарында 7 гидрологиялык посттун, кызматтык үйлөрдүн курулушу уланууда, учурда 80 пайызга аяктап калды.

Мындан тышкары, Кыргыз гидрометеорологиялык кызматы үчүн өзгөчө кырдаалдардын түрүнө байкоо жүргүзүү жана алдын алуу жабдууларынын алынып келиши, аларды орнотуу жаатындагы маселелер ортого салынды. Жакынкы аралыкта жабдууларды сынактан өткөрүү каралууда. Ал үчүн тийиштүү адистер эл аралык деңгээлде атайы окуудан өтүп келишкен.

Жыйындын соңунда тараптар Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын кайсы түрүнө болбосун ага карата даярдыкты жана туруктуулукту бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аймактардын жана калктын коопсуздугу үчүн биргелешкен долбоорлорду максаттуу ишке ашыруу боюнча кызматашууну улантуу ниеттерин кошумчалашты.