Кыргызстанда заманбап журналистиканын медиа мектеби өз ишин баштайт

Маданият Загрузка... 13 Июнь 2025 14:08
WhatsApp Image 2025-06-13 at 13.50.23.jpeg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда заманбап журналистиканын медиа мектеби өз ишин баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында ар ай сайын журналистиканын сапатын жогорулатууга, этиканы сактоого жана медианын туруктуу өнүгүшү боюнча тренингдер өткөрүлөт.

Ошондой эле медиа жана тил саясаты, жасалма интеллект жана журналистика, мультимедиа форматтары — подкаст, видео жана инфографиканын эффективдүү колдонулушу, социалдык тармактар жана журналистика, фактчекинг жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү, маалымат булактарын коргоо, санариптик коопсуздук жана башка актуалдуу темаларда талкуулар уюштурулат.

Биринчи тренинг 18-июнда саат 09:00дө Улуттук тарых музейинде “Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдө журналистиканын орду" темасы боюнча өтөт. Ага медиакоомчулуктагы бардык кызыкдар тараптар катышса болот.