Медиа сабаттуулук: Маалыматтын чын-төгүнүн кантип айырмалоо керек?

Коом Загрузка... 17 Октябрь 2025 18:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкекте бир катар мектептердин окуучуларына карата интернетте тараган видео коркутуулар кооптонууларды жаратты. Ал арада Ички иштер министрилиги эч кандай шектүү элементтер жана коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар аныкталбаганын маалымдады. Мындай учурларда интернет айдыңы маалымат алууда жана таратууда ыңгайлуу булак болгондуктан, жалган, бурмаланган же атайылап чагымчыл маалыматтардын да жайылышына шарт түзүп жатканын көрсөттү.

Белгилүү PR-адиси Марс Черикчиев азыркы жаңы технологиялар заманында үйдө отуруп эле маалымат жараткан учур экенин белгилеп, аларды кабыл алууда расмий булактарга гана ишенүү керек экендигин “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

"Азыр жаңы технологиялардын заманы. Үйдө отуруп ар кандай маалымат жараткан учур. Ошондуктан маалыматты иргеп, айырмалоону үйрөнүш керек. Расмий маалыматты карап, тактоо зарыл. Туура эмес, фейк маалыматты жайылтуу менен өз кызыкчылыгын карап, өз аккаунтунун катталуучуларынын санын көбөйтөйүн дегендер да арбын. Жакында шайлоо, Жогорку Кеңешке келе турган депутаттар ушундай маалыматтар боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жагын азыртадан эле ойлонушу керек.

Жасалма интеллектти колдонуп маалымат чыгаруу боюнча азыр көп өлкөлөр мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Биз да аларга окшоп көп күтпөй алдын ала иштерди жүргүзүп, аракет кылышыбыз керек. Андан тышкары, коомчулукта да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Аттуу-баштуу инсандарыбыз кандайдыр бир маалыматты жарыялоодон мурда текшерип, бөлүшкөн же өзү жараткан контенти үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек. Себеби, эл аны окуп, маалыматка ишенет. Эгер коомдо билимдүү, жоопкерчиликтүү адамдар так маалыматтарды таратса, анда окурмандар жасалма интеллект менен жасалган маалыматтарды карап да койбойт”,- деди Черикчиев.

Ар бир интернет колдонуучу алынган маалыматка дароо ынанбастан, анын булагын, ишенимдүүлүгүн текшерип билүүсү үчүн санариптик сабаттуулугу жогору болушу керек. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертет.

"Интернет жана жигердүү киргизилип жаткан жасалма интеллект (ЖИ) сыяктуу санариптик технологиялардын тез өнүгүү шартында алдамчылардын жаңы схемаларына натыйжалуу каршы туруу үчүн санариптик сабаттуулукту системалуу түрдө жогорулатуу зарыл. Жарандар коркунучтардын бар экендигин билүү менен гана чектелбестен, фишингдин конкреттүү белгилерин тааный билиши керек: электрондук почтанын даректерин текшерүү, шектүү шилтемелерге өтпөө, ошондой эле күтүлбөгөн же өтө пайдалуу сунуштарга сын көз менен баа берүү. Кандай гана маалымат болбосун, өзгөчө текшерилбеген булактардан же бейтааныш адамдардан алынган маалыматтарга карата сын көз караш менен ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү өтө маанилүү”, - деп белгилешти министрликтен.

Белгилей кетсек, маалыматты угуп, көрүп эле тим болбостон, ага сын көз караш менен карап, анализдеп баа бере турган жөндөм - медиа сабаттуулук. Бирок, ар бир интернет колдонуучу буга жөндөмдүүбү деген чоң суроо жаралат. Жок дегенде жарандар санарип чөйрөсүндө социалдык коопсуздукту сактоо үчүн төмөнкү негизги чараларды колдонууну эстен чыгарбашы кажет:

- Жеке маалыматтарды коргоо өтө маанилүү: социалдык тармактарда купуялуулук жөндөөлөрүн максималдуу түрдө күчөтүү, туулган күн, жашаган жери сыяктуу өтө жеке маалыматтарды ачык жарыялабоо жана бейтааныш адамдардын достук суроо-талаптарына этият болуу.

- Техникалык коопсуздукту камсыздоо: ар бир аккаунт үчүн уникалдуу, татаал сыр сөздөрдү колдонуу жана мүмкүн болгон жерде эки факторлуу аутентификацияны (2FA) сөзсүз активдештирүү талап кылынат.

- Критикалык ой жүгүртүү жана этияттык маанилүү: социалдык тармактарда таркаган жалган маалыматтарга (фейк) ишенбөө, провокацияга жооп бербөө жана эгерде кибербуллингге туш болсо, платформанын администрациясына кайрылуу.

- Башка колдонуучулардын укуктарын сыйлоо жана жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз таратпоо менен санариптик этиканы сактоо коомдук жоопкерчилик болуп саналат.

Ал эми Ички иштер министрлиги интернеттеги анык эмес маалыматтарга ишенип, дүрбөлөңгө түшпөө үчүн жалган маалыматты аныктоо боюнча төмөнкүдөй кеңеш берет:

  • Маалыматтын булагын аныктоо;
  • Маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү;
  • Башка булактардан текшерүү;
  • Фактчекинг кызматтарын колдонуу;
  • Маалыматтын мазмунуна көңүл буруу;
  • Сүрөттөрдү жана видеолорду текшерүү;
  • Жеке маалыматтарды сактоо.

ИИМ жалган жана чагымчыл маалымат тараткандар өлкө мыйзамдарына ылайык, айып төлөө, коомдук жумуштарга тартуу, эркинен ажыратуу өңдүү жоопкерчиликтерге тартыла турганын эске салды. Анткени интернет аркылуу тараган маалыматтар анын ичинде жалган, терс мазмундагылар коомго, өзгөчө өспүрүм балдарга туура эмес таасир берет.

WhatsApp Image 2025-10-17 at 15.06.13.jpeg

Психолог Мээрим Рыскулованын пикиринде, адамда санариптик же кибер гигиена болушу шарт. Ал буга айрыкча ата-энелер маани берип, балдарды маалыматтын чын же жалганын айырмалоого үйрөтүшүбүз керек деген пикирин билдирди.

"Ата-эне бала интернеттен кандай жаңылыктарды окуй тургандыгы тууралуу билип, сүйлөшүп турушу абдан маанилүү. Кайсы бир маалымат боюнча “кайсы булактан окудуң же көрдүң, бул тууралуу оюң кандай?” деген суроолорду берип маектешүү зарыл. Балага расмий, ишенимдүү булактардан маалымат окууну, интернеттеги бардык маалыматтарга ишене бербөө боюнча айтып түшүндүрүү керек", - дейт психолог.

b73224cb-c13c-43c7-8a2a-2d4e5684b3ea.jpg