Кыргызстанда 2025- жылдын 1-январына карата ВИЧ инфекциясынын 14,3 миң учуру катталган

Ден соолук Загрузка... 03 Март 2025 16:15
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-январына карата республикада ВИЧ инфекциясынын 14 323 учуру катталган. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын 3 миң 581и каза болгон.

«2023-жылдан баштап биз капиллярдык экспресс-тесттин жаңы ыкмаларын колдоно баштадык. 2023-жылы 12 208 адам текшерүүдөн өтүп, анын 92синде ВИЧ илдети аныкталган. 2024-жылы 16 миң 835 адам текшерүүдөн өтүп, 92 адам ВИЧке чалдыкканы аныкталган.

Ал эми 2023-жылдан тарта өзүн өзү тестирлөө ыкмасы киргизилген. 2016-жылдан бери тоолуу аймактардагы көчмө клиникалык базалар бир эле учурда төрт ооруга текшерилип, жылына 40 миңге жакын жаран текшерилет», - деди министр.