Кыргызстанда Улуттук санариптик экотутум түзүлдү

Министрлер кабинети Загрузка... 06 Март 2026 10:55
L_height.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Улуттук санариптик экотутум жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ Кыргызстандын Санарип кодексин ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын ортосунда санариптик маалымат алмашууну, ошондой эле ушул маалыматтардын негизинде санариптик сервистерди түзүүнү камсыздаган бирдиктүү жалпы улуттук санариптик экотутумдун иштешинин укуктук негиздерин түзүү максатында иштелип чыкты.

Токтомго ылайык, президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси катышуучулардын санарип ресурстарын “Түндүк” санариптик өз ара аракеттенүү системасына кошуу үчүн коопсуздук серверлеринин аутентификациялык сертификаттарын, санариптик кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берүүчү, күбөлөндүрүүчү борбор болуп аныкталат.

Документ Улуттук экосистеманын катышуучуларын, алардын укуктарын жана милдеттерин, объектилерин (Улуттук экосистеманын элементтерин), аларды Улуттук экосистеманын санариптик реестрине киргизүүнүн тартибин, мындай реестрди жүргүзүүнүн тартибин, Улуттук экосистеманын алкагында иштетилүүчү маалыматтардын булактарын, “Түндүк” системасы аркылуу катышуучулардын санариптик өз ара аракеттенүүсүнүн эрежелери, мамлекеттик кызмат көрсөтүү фабрикасынын иштөө эрежелери жана архитектурасы, өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосундагы талаштарды да, колдонуучулардын (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн) даттанууларын чечүүнүн тартибин карайт.