Кыргызстанда токойлордун аянты кеңейүүдө

Экология Загрузка... 26 Март 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-03-26 at 16.38.19 (1).jpeg
copyright icon www

Бишкек 26.03.25 /Кабар/. Кыргызстанда токойлордун аянты кеңейүүдө. Бул тууралуу алдыда чыга турган Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү санарип атласты талкуулоо учурунда ЮНЕПтин (БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы) Борбор Азия Субрегионалдык кеңсесинин башчысы Айдай Курманова билдирди.

Кыргызстан айлана-чөйрөнү коргоо жаатында олуттуу жетишкендиктерге жетишти. 2000-жылдан бери өлкөдө токойлордун аянты 6,2%дан 6,9%га чейин өскөн.

Курманованын айтымында, бул бийик тоолуу өлкө үчүн татаал милдет болуп саналат. “2000-жылы өлкөдө корголуучу аймактардын аянты 0,5 миллион гектар болсо, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 1,5 миллион гектарга жетти. 2040-жылга чейин бул аймактарды өлкө аймагынын 10%ына чейин кеңейтүү жана Кызыл китепке кирген түрлөрдүн 60-65%ын коргоо пландалууд”, деди ал.

Мындан сырткары, эксперт өлкөдөгү бардык токойлор коммерциялык максатта кыюуга мыйзам тарабынан корголгонун. Ал эми Хан-Теңири жаратылыш паркы түзүлгөндөн кийин Борбордук Теңир-Тоодо илбирстер байырлаган коргоо аймагы 40%га көбөйгөнүн кошумчалады.