Кыргызстанда сутка ичинде 37 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 3 июль 2025 12:35
Кыргызстанда сутка ичинде 37 өрт кырсыгы катталды

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 37 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 39 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 13, Бишкек шаарында 8, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 4, Ош облусунда 3, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 2 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.