Кыргызстанда сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 9 июль 2025 10:24
Кыргызстанда сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Чүй облусунда – 10;
  • Ош облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 3;
  • Бишкек шаарында – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 4;
  • Ош шаарында – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 30 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.