Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3, Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда 2, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт катталды.
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон