Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 4;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 4;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 17 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.