Кыргызстанда быйыл “100 өнөр жай ишканасы – 2026” долбоорунун алкагында 113 ишкананы ишке киргизүү жана 11 миңден ашык жумуш ордун түзүү пландалган. 12-сентябрга карата долбоордун алкагында 60 ишкана ачылып, миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлдү, ал эми калган өндүрүш объекттерин жыл аягына чейин ишке берүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, долбоордун негизги максаты — өлкөдө өндүрүштү кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, ички рынокту ата мекендик продукциялар менен камсыздоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу.
Быйыл 113 ишкана ишке берилет
Жыл башында министрлер кабинети тарабынан 113 ишкананы ишке киргизүү планы бекитилген. Анын алкагында 11 миңден ашык жумуш ордун түзүү каралган.

“12-сентябрга чейин алты ири ишкана ачылган. Ал эми 12-сентябрда Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө карата президенттин катышуусунда 60 өнөр жай ишканасы ачылды. Натыйжада 4 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлүп, 500 млн долларга жакын инвестиция тартылды. Калган 47 ишкананы жыл аягына чейин ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда ишканалардын ишке киргизилишин көзөмөлдөө жана өндүрүштү баштоого тоскоол болгон маселелерди чечүү иштери уланууда. Жыл аягына чейин пландагы объекттерди ишке берүү жана каралган жумуш орундарын түзүү негизги милдеттердин бири болуп саналат”, — деп айтылат Экономика министрлигинин маалыматында
Белгиленгендей, долбоорго жеңил өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү жана айнек пакеттерин даярдоо сыяктуу ар түрдүү багыттагы ишканалар кирет. Мында өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү менен катар экспортко багытталган продукция чыгарууга да басым жасалууда.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
Кыргызстанда акыркы жылдары өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү көбөйүп, бул тармакты экономиканын маанилүү багыттарынын бири катары өнүктүрүүгө көңүл бурулууда.
Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Талант Карасартов маалымдагандай, 2019-жылы өлкөдө болжол менен 300 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлсө, 2025-жылы анын көлөмү 800 млрд сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын алгачкы сегиз айында 600 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га өскөн.

"Азыр дүйнөдө көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Мындай шартта ар бир өлкө өзүнүн экономикасын бекемдөөгө аракет кылууда. Кыргызстанда да экономиканы өнүктүрүүгө жана өнөр жай тармагын өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Завод-фабрикалардын ачылышы жаңы жумуш орундарын түзүп, өндүрүштү көбөйтүүгө жана аймактардын өнүгүшүнө шарт түзөт”, — деди Карасартов.
Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь–август айларына карата маалыматы да бул сандарды тастыктайт. Бул убакыт аралыгында Кыргызстанда 600,8 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га өскөн. Анын негизги бөлүгүн иштетүү өнөр жайы түзүп, бул тармакта 476 млрд сомго жакын продукция чыгарылган. Ал эми өлкөнүн ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп, 11%га өскөн. ИДПнын түзүмүндө товардык өндүрүштүн үлүшү 34,7%ды түзгөнү менен, бул көрсөткүч өнөр жайды гана эмес, айыл чарбасы жана курулуш сыяктуу башка тармактарды да камтыйт.
Үч жылда 334 ишкана ачуу пландалууда
Министрликтин маалыматына ылайык, “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында 2024-жылы 102 жаңы өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 8 миңге жакын жумуш орду түзүлгөн жана 800 млн доллардан ашык инвестиция тартылган.
2025-жылы жыл жыйынтыгы боюнча 119 ишкана ишке киргизилип, 8,5 миң жаңы жумуш орду түзүлгөн. Ошондой эле инвестициянын көлөмү 800 млн доллардан ашкан. 2026-жылга пландалган 113 ишкананы кошкондо, үч жыл ичинде долбоордун алкагында жалпысынан 334 ишкананы ишке киргизүү каралган.

Бул ишканалардын ачылышы өндүрүш тармагын кеңейтүү менен катар өлкөнүн ар кайсы аймактарында экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган. Жаңы өндүрүштөр жергиликтүү чийки затты пайдалануу, кошумча нарк түзүү жана жумушчу күчүнө болгон суроо-талапты көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Ишканаларга кандай талаптар коюлат?
Талант Карасартовдун айтымында, 2025-жылдан тартып долбоорго киргизиле турган ишканаларды тандоодо бир катар талаптар белгиленген. Ага ылайык, ишканага 100 миң доллардан ашык инвестиция салынышы, 30дан көп жаңы жумуш орду түзүлүшү жана өндүрүлгөн продукция экспортко багытталышы керек.
“Быйыл пландалган ишканаларды ушул критерийлердин негизинде тандап алдык. Алардын арасында жеңил өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүүчү жана айнек пакеттерин даярдоочу ишканалар бар. Бүгүнкү күндө бул ишканалардын бир бөлүгү экспортко багытталган продукцияларды чыгара баштады”, — деди ал.
Экспорттук багыттагы өндүрүштөрдү тандоо ата мекендик товарлардын тышкы рынокторго чыгышын кеңейтүүгө жана өлкөгө валюта түшүүлөрүн көбөйтүүгө шарт түзөт.
Ишкерлерге долбоордун башынан тартып колдоо көрсөтүлөт
Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерге өндүрүштү уюштуруунун алгачкы баскычынан тартып, ишкана ишке киргенге чейинки жана андан кийинки этаптарда көмөк көрсөтөт. Карасартовдун айтымында, мамлекеттик колдоо ишкердин демилгесин кароону, документтерди даярдоону, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү жана өндүрүштү ишке киргизүүдө пайда болгон тоскоолдуктарды жоюуну камтыйт. 2025-жылдан тартып ар бир долбоорго жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилерин бекитүү механизми киргизилген. Аймактардагы ишканалардын маселелерин жергиликтүү жетекчилер жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү караса, борбордук мамлекеттик органдар өз компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө катышат.

“Биз ар жума сайын ачыла турган ишканалар менен видео байланыш аркылуу суйлөшүп, иштер кандай жүрүп жатканынан кабар алып турабыз. Кураторлорду, ишканалардын жетекчилерин жана тиешелүү өкүлдөрдү кошуп, ар бир долбоордун көйгөйлөрүн карайбыз. Жыйынтыгында протокол түзүлүп, конкреттүү тапшырмалар берилет”, — деди министрликтин өкүлү.
Мисалы, ишканада жер же электр энергия боюнча маселе жаралса, тиешелүү мамлекеттик органга тапшырма берилет. Мындай механизм ишкерлердин өндүрүштү баштоосуна тоскоол болгон маселелерди өз убагында чечүүгө багытталган.
Өнөр жайды өнүктүрүү — өлкөнүн узак мөөнөттүү максаты
Өнөр жай ишканаларын көбөйтүү 2030-жылга чейин КР өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизги багыттарынын бири. Бул программада көрсөтүлгөндөй, алардын катарына индустриялаштыруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризмди өнүктүрүү, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, гидроэнергетика жана жашыл экономика кирет. Тармактардын өнүгүшү экономиканы диверсификациялоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров жакында эле “Бишкек Арананын” ачылышында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө курулуп жаткан объекттерге токтолуп, акыркы алты жылда 1 миң 75 имарат курулганын жана алардын арасында мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият объекттери бар экенин билдирген. Ошондой эле ушул мезгилде 521 завод-фабрика курулганы маалымдалган.
Экономист Эркин Абдразаков өлкөдөгү өнөр жай ишканаларынын ачылышы жана анын экономикага тийгизген таасири тууралуу “Кабар” агенттигине төмөнкүдөй пикирин билдирди.
“Акыркы жылдары өлкөбүздөгү өнөр жай ишканаларынын ачылышы менен жумуш орундары түзүлүп, аймактар өнүгүп, андагы кайра иштетүү тармагы жолго коюлууда. Инфраструктура жакшырып, тартылган инвестициялардын көлөмү да өстү. Алсак, ишканалардын ачылышы менен биринчи кезекте жаңы жумуш орундары түзүлүп, калкты туруктуу иш менен камсыз кылууга шарт түзүлүүдө. Президент Садыр Жапаровдун саясатына ылайык, өлкөнү өнүктүрүү аймактардан башталат демекчи каражаттар жана долбоорлор жер-жерлердеги өндүрүштү өнүктүрүүгө курулуш материалдары, кеңейтилген өндүрүш сыяктуу артыкчылыктуу тармактарга багытталууда. Мисалы, кайра иштетүү тармагы боюнча түштүк аймактарда ташты кайра иштетүү, сүт азыктарын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү сыяктуу багыттар күч алууда. Бишкек, Ош, Манас, Талас сыяктуу облус борборлорунда жана аймактарда жаңы технологиялар менен кирпич заводдору, асфальт заводдору курулуп, жол инфраструктурасы жана өндүрүш кубаттуулугу жакшырууда. Чет жактан инвестицияларын тартуу аркылуу ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Бул багыттагы негизги көйгөйлөрдүн бири – энергетикалык кубаттуулуктун жетишсиздиги болууда. Эгерде күн энергиясы, шамал станциялары жана чакан ГЭСтер сыяктуу альтернативдүү энергетикалык булактар толук ишке киргизилсе, бардык ишканалар энергия менен толук камсыздалып, жаңы өндүрүштөр дагы көбөйөт. Натыйжада бюджет толуп, социалдык маселелер чечилип, айыл менен шаардын турмуш-тиричилигиндеги айырмачылыктар жоюлуп, калктын жашоо шарты дагы жакшырат”,- деди экономист.
Жыйынтыктап айтканда, өнөр жай ишканаларынын ачылышы өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда өндүрүштүн туруктуу өсүшүн камсыздоо үчүн энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу, инвестиция тартуу жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу маанилүү. Бул багыттагы иштердин натыйжалуулугу ачылган ишканалардын узак мөөнөттүү иштеши, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана калктын жашоо сапатына тийгизген таасири менен да бааланат.