Кыргызстанда РФ миграциялык борборунун өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды

Коом 944 25 Февраль 2025 11:56
cdb05b28-bf29-44e8-b56f-1a8a81199dcd.jpeg
480809095_1070317068471299_5758895173418126401_n.jpg
Алдыга
Артка
cdb05b28-bf29-44e8-b56f-1a8a81199dcd.jpeg
480809095_1070317068471299_5758895173418126401_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда Россиянын Көп функционалдуу миграциялык борборунун өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Маселе эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун Москва өкмөтүнө караштуу Экономикалык саясат жана Москва шаарын өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги жолугушуусунда каралды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашышты.

Министр өз сөзүндө Россия тарап үчүн Кыргызстандагы көп функционалдуу миграциялык борбордун өкүлчүлүгүнүн ачылышы абдан маанилүү, анткени биздин жарандар көпчүлүк учурда орус тилин жакшы билишет, белгилүү компетенцияларга жана көндүмдөргө ээ, бул көп жагынан кызматкер менен жумуш берүүчүнүн өз ара аракеттешүүсүн жеңилдетет деп белгиледи.