Бүгүн Кыргызстанда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык Загрузка... 06 Октябрь 2025 07:58
560564195_1208905007948890_224399697566272624_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда саат 02:29да Кыргызстанда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.