Кыргызстанда нышан болуп төрөлгөн балдардын саны өсүүдө - дарыгер

Ден соолук Загрузка... 06 Март 2025 15:42
WhatsApp Image 2025-03-06 at 09.56.29.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда нышан болуп төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улукттук борборунун бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери Алтынбек Мамыралиев билдирди.

Анын айтымында, соңку убакта ээк, таңдай, же үстүңкү жаактын жыртыгы менен төрөлгөн балдардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп кездешүүдө. Наристелердин мындай кемтиктер менен төрөлүшү сырт келбетке таасирин тийгизбестен, угуу, сүйлөө, жутуу сыяктуу негизги функцияларына да терс таасирин тийгизүүдө.

“Наристенин мындай болуп төрөлүшүнө түрткү болгон көп себептер бар. Биринчиден, тукум кууйт. Андан тышкары эне кош бойлуу болгондо биринчи үч айында түйүлдүк калыптанат, ошол учурда талгак болсо, же жугуштуу оорулар менен ооруса, баңгизат колдонуп, тамеки тартып, алкоголдук ичимдиктерди ичсе, ошондой эле химиялык заттар менен иштесе, алар дагы таасирин тийгизбей койбойт. Мындан сырткары кош бойлуу айымдар стресске кабылса, көп ойлонсо, же оор жумуш кылса да, ушунун баары түрткү болот. Мурда 700 баладан бир бала нышан болуп төрөлчү. Азыркы убакта бул көрсөткүч мындан да өстү”,-деди дарыгер.

Дарыгер белгилегендей, тубаса кемтиктер менен төрөлгөн балдарга операция этап-этабы менен жасалат.

“Операция бир нече этап менен болот. Биринчи этап - үстүңкү эрдин жамайбыз. Экинчи этап - эки жашка толгондон кийин таңдайындагы жырыкты жамайбыз. Үчүнчү этап - 14кө чыкканда мурундагы чемирчектерди калыбына келтиребиз. Экинчи этабы мурда 6-7 жашында болчу эле, азыр 2 жаштан кийин жасап жатабыз. Себеби бала сүйлөй баштаганда, чөйрөнү кабыл ала баштаганда мүнөзү туура эмес калыптанбасын деп 2 жашында операция жасалууда”,-деди ал.